Dependency Tree

Universal Dependencies - Kyrgyz - KTMU

LanguageKyrgyz
ProjectKTMU
Corpus Parttest
AnnotationBenli, İbrahim

Select a sentence

Showing 1 - 100 of 701 • previousnext

s-1 Менин машинам бар.
s-2 Сенин балдарын мектепке кетишти.
s-3 Акчан барбы?
s-4 Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жүк ташуучу унааcы толугу менен күйүп кетти.
s-5 Маалыматка ылайык, жолугушууда билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселелери талкууланды.
s-6 Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
s-7 Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы корпус ишке берилди.
s-8 Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 606 адамдан табылып, 4 адам каза болду.
s-9 Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты.
s-10 Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн ыкчам тергөө топтору окуя болгон жерге 97 миң 332 жолу чыгышкан.
s-11 Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.
s-12 Мектептеги ысык тамактан үнөмдөлгөн 180 миллион сомду дезинфекциялоо иштерине бөлүү сунушталууда.
s-13 Билим берүү министри Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту.
s-14 Анын эскилиги жетип калгандыктан бузулуп, анын ордуна заман талабына ылайык, бардык шарты менен 2 кабаттуу мечит салынган.
s-15 Борбор калаанын стационарларында коронавирус инфекциясын жуктургандарды жаткыруу үчүн 149 орун бар.
s-16 Орто мектептерде билим сапатын көтөрүү үчүн мугалимдер менен иштешкен методисттерди кайрадан киргизиш керек.
s-17 Айыл чарба, жайыт жерлердин аймагы кеңейип, кен көбөйгөн сайын жаныбарлар жашаган аймактар азаюуда.
s-18 Ош шаардык мэриясы эртеңки ишембиликке жарандарды активдүү катышууга чакырат.
s-19 Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди.
s-20 Учурдагы коронавирустан улам дүйнөдөгү отелдер тазалоо технологиясын караштырып, жаңылап жаткан учуру.
s-21 Анын айтымында, мекеме бааларга көзөмөлдү улантууда: кызматкерлер бүгүнкү күндө да товарлардын жана кызматтардын баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге айып салууда.
s-22 8-февралдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт.
s-23 Тез татым менен жарым фабрикат жүрөк-кан тамыр системасына өтө эле зыян.
s-24 Эгер тамакты таттуу суусундуктар менен жесе, маселен артынан газдалган суусундук ичсе, анда организмде кумшекердин көлөмү көбөйүп кетет.
s-25 Соттор ушуну менен Навальныйдын шарттуу мөөнөтүн өзгөртүүнү өтүнгөн Федералдык жаза аткаруу кызматынын сунушун үчүнчү жолу карап чыкты.
s-26 Ат-Башы районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, үчөө оор жаракат алды.
s-27 Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
s-28 Жаштар арасында жеңил атлетика боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу машыгуу жыйын өткөрүүдө.
s-29 Турнирдин жыйынтыгы менен КР бий спортчу федерациясынын бийчилери мыкты жыйынтык көрсөтүштү.
s-30 Алдын ала билет алууга буюртма берсе, авиакомпаниялардын сайтынан арзаныраак билет алууга мүмкүн экендигин көрө алабыз.
s-31 Кыргызстанда мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
s-32 Бишкектеги 'Ала-Тоо' аянтында бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик туу күнүн кабыл алгандыгынын 29 жылдыгы белгиленди.
s-33 Бишкектеги беш батирдин акчасын алып качып кеткен жаран кармалды.
s-34 Бишкек мэриясынан балдарды окутууда сантирдык эпидемиологиялык талаптар бекем сакталарын айтышты.
s-35 Бишкек Ош жолунун эки тилкесине таш кулаган.
s-36 Бишкекте ушул дем алышта дагы азык түлүк жарманкеси өтөт.
s-37 Чөнтөкчүлөр жылдын кайсы мезгили болбосун эл көп чогулган жерлерде уурулук кылышат.
s-38 15-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат.
s-39 Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү.
s-40 Бишкекте ачылган бала бакчаларга канча бала барып жатканы айтылды.
s-41 Эртең Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө жарык жок болот.
s-42 Өлкөдө азыктын 4 түрүнүн баасы соода түйүндөрүндө гана турукташты.
s-43 Министрлик кумшекер менен майдын кымбаттаган себебин түшүндүрдү.
s-44 Таласта жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды.
s-45 Казакстанда бир айда интернет алдамчылыкка байланыштуу 1,8 миң кылмыш иши козголду.
s-46 Бишкектеги ок чыгарган заводду жандандыруу зарылдыгы айтылды.
s-47 Кыргызстанда жыл башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 45 млрд сомду түздү.
s-48 Бишкекте унаанын дөңгөлөгүн уурдаган шектүү кармалды.
s-49 Калкты тейлөөчү борборлор 4 күн Бишкекти кыдырат.
s-50 Бишкек Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды.
s-51 Айдана мыкты бийчи.
s-52 Бул суроолорго экономисттерден жооп издеп көрдүк.
s-53 Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү.
s-54 Ал деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады.
s-55 Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду.
s-56 Чын эле, бала кеткен башка кайык биринчи эле жумада үч жакшы балык алып келди.
s-57 Чалдын күндө куру кол кайтканына зээни кейиген бала чалдын балыкчылыкка керектүү шайман-аспаптарын же багорун, гарпунун же болбосо мачтага оролгон парусун үйүнө чейин жеткиришип келүү үчүн жолун тосуп жээкке барчу.
s-58 Таар жамаачы салынып тамтыгы калбаган парус оролгондо, согушта кыргынга учураган полктун туусуна окшоп калчу.
s-59 кыргызстан.
s-60 Жаактарынан желеленген темгилдери мойнуна чейин жеткен, чоң балыктарды суудан тартып жатканда жип кыйган колдорунун тырыктары көрүнүп турат.
s-61 Бирок жаңы тырыктар жок эле.
s-62 Бул эски тырыктар илгертен суусуз калган чөлдөгү жаракаларга окшоп кетет.
s-63 Анын көзүнөн башкасынын баарында тең карылыктын белгиси бар, көзү болсо деңиз түстөнүп, эч нерсеге багынбаган кишинин көзүндөй ойноктоп турат.
s-64 Биз эми анча-мынча акчалуу болуп калдык.
s-65 Балык кармоону чал үйрөткөндүктөн, бала аны жакшы көрчү.
s-66 Сен менден мага ишенбегендигиңден кетпегениңди билем.
s-67 Мени атам кыстабадыбы, мен азыр баламын да, тил алышым керек.
s-68 Ал сага көп ишене бербейт.
s-69 Террасадан пиво алып берейин, ичесиңби?
s-70 Шаймандарды үйгө анан деле алып барабыз.
s-71 Алар Террасага келип олтурушканда, көп балыкчылар чалды шылдыңдагандай болушту, бирок чал аларга таарынган жок.
s-72 Андан ары балыкты рефрижераторлор менен Гавананын базарына алып кетишет.
s-73 Чал пиво куюлган стаканын тиктеп, небак өткөн күндөрдү эстеп олтурган.
s-74 Сага эртеңкиге сардина кармап берейинби?
s-75 Тим эле кой.
s-76 Андан көрө бейсбол ойноп ал.
s-77 Кайыкты өзүм деле айдай алам, торду Роджелио салат.
s-78 Кой, андан көрө мен салайын.
s-79 Сени менен балык кармашпасам да, сага кичине кол кабыш кылгым келет.
s-80 Мени биринчи жолу деңизге алып чыкканыңда мен канчада кэлем?
s-81 Ошондо мен тирүү балыкты кайыкка салып, балык кайыкты талкалап коё жаздаганда, сен өлүп кала жаздабадың беле, ошол эсиңдеби?
s-82 Ал куйругу менен чапкылап, отургучту сындырганда, сен аны союл менен тарсылдатып сабаганың эсимде.
s-83 Сен мени кайыктын тумшук жагындагы суу болгон шаймандардын үстүнө ыргытып жибердиң беле.
s-84 Сенин союлуң карагай жаргандай такылдап турганы да эсимде.
s-85 Ош.
s-86 Ошондо айлана каңырсык жыттанып турган.
s-87 Сен чын эле мунун баарын унута элексиңби же мен сага кийин айтып бердим еле?
s-88 Сен мени деңизге ала чыккан биринчи күндөн бери баары эсимде.
s-89 Чал балага күндөн кызарып чыккан көздөрү менен жароокер карады:
s-90 Сен менин балам болгондо тобокелге салып азыр эле деңизге ала кетер элем.
s-91 Бирок сенин ата-энең бар да, анан сен олжолуу кайыкка да туш келип калдың.
s-92 Анан да кайсы жерден төрт живец таба аларымды билем.
s-93 Аларды туз салган жашикке салып койгом.
s-94 Мен сага жаңысынан төрттү таап берем.
s-95 Бирок мен сатып алдым.
s-96 Бекерге көнгөн балдар нандан кээде топ жасап ойношот.
s-97 Тентек балдардын мындай жоругу дан аттуунун баарын аябай таарынтыптыр.
s-98 Кай бирде нанды чалчык сууга ыргытып да салышчу экен.
s-99 Россия.
s-100 Ал өзүнүн элес албаган аңкоолугунан качантан бери моюн сунуп момун болуп калгандыгын капарына да алчу эмес.

Text viewDownload CoNNL-U