Dependency Tree

Universal Dependencies - Kyrgyz - KTMU

LanguageKyrgyz
ProjectKTMU
Corpus Parttest
AnnotationBenli, İbrahim

Select a sentence

Showing 101 - 200 of 701 • previousnext

s-101 Бирок бул момундун аны маскаралабай да, адамдык сапатынан кетирбей да келгенин билчү.
s-102 Эгерде агым башка жакка бурулуп кетпесе, эртең күн жакшы болот.
s-103 Сен кайсы жерден кармайсың?
s-104 Жээктен алысыраак, шамалдын багыты өзгөргөндө кайта келем.
s-105 Таң азандан чыгам.
s-106 Меникин да алысыраак барууга көндүрүшүм керек.
s-107 Сага эң чоң балык түшүп калса, биз жардамдашабыз.
s-108 Сеники жээктен өтө алыс кетүүнү жакшы көрбөйт.
s-109 Туура, деди бала.
s-110 Бирок мен ал жакшылап көрө албай турган бир белги табам, чардактар эле жарайт
s-111 Анда алтын макрель кармайбыз деп аны алысыраак кетүүгө көндүрүүгө болот.
s-112 Көзү ошончо эле начарбы?
s-113 Сокур болоюн деп калды.
s-114 Ал ташбака кармаганга эч качан чыкчу эмес эле го.
s-115 Көбүнчө ошо таш бакадан сокур болосуң.
s-116 Сен бир топ жылдар бою Москит жээгине таш бакага барып жүрдүң, бирок көзүң сопсоо эле го.
s-117 Мен укмуштуу чалмын.
s-118 Эң чоң балык түшүп калса, ага күчүң жетеби?
s-119 Жетишет деп ойлойм.
s-120 Мында баарынан мурда эптүүлүк керек.
s-121 Жүр, шаймандарды үйгө алпаралы.
s-122 Анан мен торду алып, сардина кармап келейин.
s-123 Алар кайыктан шайман-аспаптарды алып чыгышты.
s-124 Чал мачтаны ийнине салып алып жөнөдү, бала болсо кайырмактын катуу эшилген боз жиптери салынган жыгач жашикти, багорду, саптуу гарпунду алды.
s-125 Чоң балыкты суунун үстүнө алып чыкканда эсин оодара чаба турган союл менен жем салган жашик кайыктын ичинде калды.
s-126 Ысык-Көл.
s-127 Жалал-Абад.
s-128 Алар жол менен өйдө чыгышып, чалдын кепесине жетишти, аңырайып ачылып турган эшиктен киришти.
s-129 Чал парус оролгон мачтаны кепенин дубалына жөлөдү, бала анын жанына шаймандарды коюп койду.
s-130 Чүй.
s-131 Булар чалга маркум аялынан калган.
s-132 Мурда аялынын боёлгон сүрөтү да илинип турчу, бирок чал аны кийин катып койгон, анткени аны көргөндө чал аябай капалана турган.
s-133 Азыр сүрөт бурчтагы текчедеги таза көйнөктүн астында жатат.
s-134 Кечинде жегидей эмнең бар?
s-135 Бир табак сары күрүч менен балык бар.
s-136 Жок, мен тамакты үйдөн ичем.
s-137 От жагып берейинби?
s-138 Тим эле кой.
s-139 Өзүм кийин жагып алам.
s-140 Балким, күрүчтү жылытпай эле жеп алармын.
s-141 Торду алайынбы?
s-142 Небактан бери эле эч кандай тор жок болчу аны алар сатып жиберишкени баланын эсинде.
s-143 Ошондой болсо да, экөө тең күнүгө чалдын тору бардай түр көрсөтүшчү.
s-144 Бир табак сары күрүч менен балык да жок эле, бала аны да билчү.
s-145 Эртең салмагы миң кадак болгон балык кармап алып жүрбөйүн?
s-146 Мен торду алып, сардина кармап келейин.
s-147 Босогого отура тур, күн тийип турбайбы.
s-148 Макул, кечээки газета бар эле, бейсбол жөнүндө окуп олтурайын.
s-149 Газета чын эле барбы же бу дагы жалганбы, муну да бала билчү эмес.
s-150 Бирок чал чын эле керебеттин астынан бир газетаны сууруп чыкты.
s-151 Муну мага вино сатуучу дүкөндөн Перико берген, деп түшүндүрдү чал.
s-152 Мен сардина кармап, азыр эле кайра тартам.
s-153 Сеникин да, өзүмдүкүн да музга коём, эртең менен бөлүп алабыз.
s-154 Кайра келгенимде мага бейсбол тууралуу айтып бересиң.
s-155 Балыкчы шаарында.
s-156 Мен жалаң гана «Индеецтер» эмес, детройттук «Жолборстордон» да корком.
s-157 Газетаны окуп чык да, мен келгенде айтып бер.
s-158 Номери сексен бешинчи лотереялык билетти сатып алсак кандай болот?
s-159 Эртең сексен бешинчи күн эмеспи.
s-160 Эмнеге болбойт?
s-161 Балким, сексен жетинчи номерди сатып алсак туура болот?
s-162 Баягында сексен жети күн өтпөдү беле.
s-163 Эки жолу эч нерсе кайталанбайт.
s-164 Сен сексен беш деген саны бар билетти таба аласыңбы?
s-165 Заказ берип коём.
s-166 Бир кабаттуусу болсун.
s-167 Эки жарым долларлык.
s-168 Аны кайдай карызга алсак?
s-169 Эки жарым долларды мен качан да болсо карызга ала алам.
s-170 Балким, мен да таба алар элем.
s-171 Бирок карыз алгандан дайыма качам.
s-172 Адегенде карызга сурайсың, анан кайыр сурайсың
s-173 Байке, суукка урунуп алба, абышка.
s-174 Азыр сентябрь экенин унутпа.
s-175 Сентябрда чоң балык келет.
s-176 Май айында балык кармоону ким деле болсун билет.
s-177 Күндөрдүн биринде буудай дандарды чогултуп:
s-178 Мындан көрөкчө көз көрбөгөн жакка кетели!
s-179 Ызаланган дандардын баары буудайдын пикирин жакташат.
s-180 Нан да тигилердин пикирине кошулат.
s-181 Убада боюнча бардык дандар, андан жасалган таттуу нандар көк деңизди көздөй жол тартышат.
s-182 Деңизге эптеп жетип алышса, түбүнө түшүп, бекинип алышмак.
s-183 Жолду баарынан улуусу арпа баштайт.
s-184 Нанды тебелеп ойногон тентектер ошол кырсыктуу түндө бейкапар укташат.
s-185 Адаттагыдай чак түштө ойгонушуп, беттерин жуубастан нан салган чыгданга чуркашат.
s-186 Мына кызык!
s-187 Тентектер нан таппай калат.
s-188 Бадырак жейли десе, бир да дан жок.
s-189 Ошондо нан издеген балдарга чоң эне мындай дейт:
s-190 Дандардын, нандардын бизден качып кетишине өзүңөр күнөөлүүсүңөр, балдарым.
s-191 Силер кесир кылып, аларды кордобосоңор баары тең мурдагыдай ушул жерде болушмак.
s-192 Эми эр болсоңор нан таап көргүлө.
s-193 Тезинен барып, Акыл чоң атаңардан эмне кылуу керектигин сурагыла.
s-194 Акыл атага баруучу жол өтө татаал эле.
s-195 Арга канча, кыйынчылык менен араң таап барышат.
s-196 Балдардын келген себебин Акыл ата айттырбай билет.
s-197 Тентектерге өтө нааразы экендигин айтат.
s-198 Бирок жакшылыктан үмүт үзбөйлү.
s-199 Баарыбыздын тагдырыбыз өз колубузда.
s-200 Азыр да кеч эмес, дандар көк деңизге чөгүп кете электе жетип барып, кечирим сурагыла.

Text viewDownload CoNNL-U